Кыргызстандагы жайыттардын абалы начар

Кыргызстандагы жайыттардын абалы начарлап, көбүрөөк деградацияга учураган сайын аны сактап калуунун аргасын адистер көчмөндөрдүн жашоо образынан издей баштады. Айрым адистердин пикиринде жайыттарды туура пайдалана билүүнүн маданияты дал ушул көчмөн жашоонун турмушунда камтылган. 

Бул тууралуу Кочкор районунда өткөн "Байсалдуу көч" - деп аталган фестивалдын учурунда айтылды. Иш-чарада ата-бабаларыбыз жайыттарды натыйжалуу пайдаланганы тууралуу сөз болуп, элге пайдалуу көп нерселер айтылды.

Байсалдуу көч фестивалын өткөрүүнүн максаты - жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, аны көздүн карегиндей сактап аяр мамиле кылуу болду. Негизинен мурда ата бабалар жайлоого чыгып, мал бакканда жайытка кандай мамиле кылчу эле деген суроого жооп издешти.Кыргыз баласы негизи туруп эле жайлоого кеттик деп басып кеткен эмес. Алгач аксакалдар жайыттын сырын билген чабармандарын чаптырып, кабар алган. Маалы келген учурда мал жандыктан курмандык чалып, бата кылышкан. Баш аягын жыйнагандан кийин гана улуу көч жолго чыккан.Адистердин пикиринде Октябрь революциясы келгенден кийин көчмөндөр миң жылдап пайдаланып келген жайыт пайдалануу маданияты талкаланды. Табигый ресурстарды сарамжал пайдалануу акырындап жоголуп, пландуу экономикага көбүрөөк басым жасалып кеткен. Мал жандын башы көбөйүп, жайыт аймактары деградацияга учурап, жайлоонун чаңы чыга баштаганда гана "көчмөн элдер мындайда эмне кылчу эле" - деп, эски турмуштун жайыт пайдалануу маданиятын каза баштадык.

Бир эле мисал Суусамыр жайлоосунда тоютка жарамдуу баалуу чөптөр азайып баратат. Себеби ал чөптөр гүлдөп, урук чачканга чейин эле мал жеп, таптап койгондуктан кийинки жылы чыкпай калууда. Тескерисинче мал жебеген уулуу чөптөр менен пайдасы аз тикен жалбырактар кыйла көбөйдү. Адистер белгилегендей бул - жайыттарды туура пайдалана билбегендиктин кесепети.

Источник:http://www.ktrk.kg/kg

© 2024 Институт стратегии устойчивого развития

Please publish modules in offcanvas position.